Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан. Бишкекте айрым көчөлөрдө жол кыймылы чектелет

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 426 | 0

Эртең, 19-ноябрда Кыргызстандын футбол курамасы менен Тажикстандын курамасынын беттешине байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Ошондой эле, Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфиловго чейинки бөлүгүндө унаалар үчүн чектөө киргизилет. Көчөлөр саат 17:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин жабык болот.

Белгилей кетсек, эртеңки оюн 2020-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өтөт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Беттеш саат 20:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM