Биз менен байланышыңыз

Гонконг: Демонстранттар полиция менен университетте кагылышты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 576 | 0

Гонконгдо политехникалык университеттин алдында кайра демонстранттар менен полициянын кагылышуусу болду. Кампусту курчаган студенттер имараттын ичине кирүүгө аракет кылган полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн.

Бир нече саатка созулган кармаштан соң, полиция кызматкерлери университеттин ичине киришкен. Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ жана суу чачуучу куралдарды колдонушууда.

18-ноябрга караган түнү Гонконгдо болуп  өткөн кагылышуу бир нече айга созулган көтөрүлүштөгү каршылык көрсөтүүнүн эң катаал учуру болду.

Митингдин катышуучулары полиция кызматкерлерине каршы колго жасалган өрт чыгаруучу заттарды колдонушууда. Полиция кызматкерлеринин арасында да жабыркагандар да бар.

Буга чейин Гонконг полициясы эгерде акциянын катышуучулары коргоо кызматкерлеринин ден-соолугуна, жашоосуна коркунуч келтире турган болсо, демонстранттарга каршы ок атуучу куралдарды колдоно тургандыгын эскерткен.

Гонконг бийлиги коопсуздукту сактоо максатында мектептер менен бала бакчалар иштебей тургандыгын маалымдаган. Ошондой эле, университеттер да убактылуу жабылган.


Гонконг: Кайрадан митинг, көздөн жаш агызуучу газ колдонгон милиция


Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, июнь айынын башынан бери байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүү боюнча макулдашкан. Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө жылдырган. Ага карабастан, Гонконгдун тургундары бийликтин аталган мыйзамдагы түзөтүүлөрдөн толугу менен баш тартуусун, ошондой эле, бийликтин отставкасын талап кылып, нааразычылык акциясын токтотпой келишет.

Акциянын катышуучулары полиция кызматкерлеринин буга чейинки митингдерде демонстранттарга карата күч колдонгондугуна да нааразылыгын билдиришүүдө.

Июндан бери жүрүп келген каршылык акциялары ноябрда күч алып, акция учурунда демонстранттар менен полиция кагылышып, 22 жаштагы студент каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM