Connect with us

Кытай Гонконгго байланыштуу АКШга санкция киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 553 | 0

Кытай Эл Республикасы Гонконгдогу окуяларга байланыштуу АКШга жана бир топ бейөкмөт уюмдарга каршы санкция киргизди.

АКШга каршы санкция Гонконгго байланыштуу Америка кабыл алган мыйзамдан соң киргизилди.

Санкцияга кабылгандардын арасында «Human Rights Watch» жана «Freedom House» уюмдары бар. Кытай бийлиги бул уюмдарды «Гонконгдогу акцияларды колдоп жатат» деп айыптады. Ага кошумча, «Гонконгдогу демократия жана адам укугу» мыйзамына тиешеси болгон АКШ Конгрессинин өкүлдөрү «нон грат» жарандарына кошулуп, аларга Кытайга кирүүгө тыюу салынган.

АКШ буга чейин «Гонконгдогу демократия жана адам укугу» тууралуу мыйзам кабыл алган. Бул документтерде «АКШнын мамлекеттик катчысы бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу кеминде жылына бир жолу баяндама жасап турушу керек» деген жобо бар. Эгерде Америка Гонконг жетиштүү деңгээлде көз каранды эмес деп тапса, соода боюнча айрым тармактарга чектөө жанданары айтылган.

Ошондой эле, Гонконг полициясы үчүн ок атуучу куралдарды алып келүүгө тыюу салган: ага көздөн жаш агызуучу ачуу газдар, резина октору жана электрошокерлер кирет.

Андан сырткары, документте Гонконгдо каршылык акциялары учурунда адам укугун бузган тиешелүү тараптарга санкция киргизүү каралган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги буга чейин АКШны ички маселелерге кийлигишпөөгө чакырып келген. Алар АКШ кабыл алган жаңы мыйзамдарды «ачык-айкын гегемондук аракет» деп баалаган.

Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, июнь айынын башынан бери байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүү боюнча макулдашкан.

Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамдык документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Ага карабастан, демонстранттар нааразычылык акцияларын токтотушкан эмес. Алар Бээжиндин саясатынан чыкпаган бийликтин отставкасын, буга чейинки калайман каршылыкта камалгандардын бошотулушун талап кылып жатышат.

Гонконг полициясы демонстранттарга каршы суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газдарды колдонуп келет.

Акция уланган 5 айдын ичинде «мыйзам бузду» делген 4,5 миңден ашуун катышуучу кармалган, 400дөй полиция кызматкери жабыркаган. 1,5 адам ооруканага жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM