Биз менен байланышыңыз

Пекин АКШ Конгрессинин өкүлдөрүнүн Кытайга кирүүсүнө тыюу салат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 472 | 0

«Гонконгдогу демократия жана адам укугу» мыйзамына тиешеси болгон АКШ Конгрессинин өкүлдөрү Кытайдагы «нон грат» жарандарына кошулуп, аларга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Кытайдын ТИМинин расмий өкүлү Гэн Шуан билдирди.

«Кытай бийлиги өлкө аймагына кимдин кирери тууралуу чечим кабыл алууга толук укуктуу»,- деген Гэн Шуан «нон граттагы» адамдардын Кытайга кире албастыгын айтты.

Атайын тизмеге «Гонконгдогу демократия жана адам укугу» мыйзамынын демилгечилери кириши мүмкүн экендиги айтылууда.

Эске салсак, аталган мыйзам 20-ноябрда Конгресс тарабынан кабыл алынып, өкүлдөр палатасына, андан соң АКШ президенти Дональд Трамптын кароосуна жөнөтүлгөн. Трамп Гонконг тууралуу мыйзамга 28-ноябрда кол койду.

Конгресс колдогон мыйзамга ылайык, Гонконг полициясы үчүн ок атуучу куралдарды алып келүүгө тыюу салынат: ага көздөн жаш агызуучу ачуу газдар, резина октору жана электрошокерлер кирет.

Ошондой эле, документте Гонконгдо каршылык акциялары учурунда адам укугун бузган тиешелүү тараптарга санкция киргизүү каралган.

Ал эми жергиликтүү бийлик АКШны ички маселелерге кийлигишпөөгө чакырды. Алар Гонкондо 85 миң америкалык жаран жана бизнесмендер бар экенин, АКШнын 1344 компаниясы иш жүргүзүп жатканын белгилеп, Сенаттын кабыл алган мыйзамы кайра эле Америка жарандарына зыяны тиерин айтты.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги буга чейин АКШны ички маселелерге кийлигишпөөгө чакырып келген. Алар АКШ кабыл алган жаңы мыйзамдарды «ачык-айкын гегемондук аракет» деп баалаган.

Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, июнь айынын башынан бери байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүү боюнча макулдашкан.

Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамдык документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Ага карабастан демонстранттар нааразычылык акцияларын токтотушкан эмес. Алар Бээжиндин саясатынан чыкпаган бийликтин отставкасын, буга чейинки калайман каршылыкта камалгандардын бошотулушун талап кылып жатышат.

Гонконг полициясы демонстранттарга каршы суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газдарды колдонуп келет.

Акция уланган 5 айдын ичинде «мыйзам бузду» делген 4,5 миңден ашуун катышуучу кармалган, 400дөй полиция кызматкери жабыркаган. 1,5 адам ооруканага жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM