Биз менен байланышыңыз

Кытай бир катар америкалыктарга визалык чектөө киргизет

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 739 | 0

Кытай Эл Республикасы Гонконгдогу окуяларга байланыштуу алардын ишине кийлигишкен АКШнын расмий жүздөрүнө визалык чектөө киргизет.

Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигине таянып, РИА Новости жазды.

Буга чейин Кытай Гонконгдогу окуяларга байланыштуу АКШга жана бир топ бейөкмөт уюмдарга каршы санкция киргизген болчу.

Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, 2019-жылдын  июнь айынын башынан байма-бай митингдерге чыгып келишкен. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүү боюнча макулдашкан.

Copyright © 2017 Maral FM