Биз менен байланышыңыз

Гонконг: Кайрадан митинг, көздөн жаш агызуучу газ колдонгон милиция

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2019 | 678 | 0

Милициянын тыюу салуусуна карабай Гонконгдун эли кайрадан көтөрүлүшкө чыкты. Бүгүн, 27-июлда Гонкондун түндүк тарабындагы Юаньлан районунда нааразычылык акциясы үчүн миңдеген адам чогулду. Алар бул ирет экстрадиция мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылуу менен бирге өткөн жумада метро станцияда демонстранттарга чабуул жасаган топко да нааразы болуп чыгышууда.

Белгилей кетсек, 21-июлда болгон митингге 480 миң демонстрант катышкан. Милициянын макулдугу менен башталган митинг, эл аябай көбөйүп кеткендиктен коопсуздук үчүн деп күч менен токтотулган. Митингден соң үйүнө кайтып бараткан адамдар Юньлан метро бекетинен бандиттер деп мүнөздөлгөн топтун ур-токмогуна кабылып, анын айынан кеминде 45 адам жаракат алган.

Айрым басылмалардын жазганына караганда, кылмыштык топ көтөрүлушкө чыккандарга аёосуз чабуул жасап алуусуна шарт түзүп, милиция абдан кеч козголгон.

Бүгүн, 27-июлдагы митингдин уюштуруучулары демонстранттарга чабуул жасаган кылмыштык топко каршы нааразылык акциясына чыгуу үчүн уруксат сурап бийликке кайрылган. Бирок бийлик тарап коопсуздук үчүн деп макулдук берген эмес. Учурда тынчтыкты көзөмөлдөө үчүн аталган районго 3 миңдей милиция кызматкери жөнөтүлгөн.

Милиция кызматкерлери бүгүнкү акцияны токтотууга чакырышып, эл макул болбогон соң көздөн жаш агызуучу газдарды колдонуп жатканын South China Morning Post басылмасы жазды.

Июндан бери Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүүгө макулдашкан. Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө жылдырган. 8-июлда Гонконгдун өкмөт башчысы Кэрри Лам экстрадиция мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселеси токтотулганын айтканы менен, документти парламенттен чакыртып алуу талабын аткарган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM