Биз менен байланышыңыз

Европа өлкөлөрүндө соттолгон кыргызстандыктар мекенине кайтарылат

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 372 | 0

Башкы прокуратура Европа өлкөлөрүнүн түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарын которуп келүү мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылы сентябрда Башкы прокуратуранын кайрылуусу боюнча Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары аркылуу Европа кеңешине Кыргызстандын 1983-жылы кабыл алынган Соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө Европа конвенциясына кошуу маселесин кароо боюнча кайрылуу жөнөтүлгөн.

Башкы прокуратуранын жогоруда аталган Конвенцияга кошулуу демилгесин кароо мүмкүнчүлүктөрү боюнча Башкы прокуратура менен Европа кеңешинин катчылыгынын ортосунда деталдуу сүйлөшүүлөр 2019-жылы башталып, анын жыйынтыгында Европа кеңеши бул кайрылууну тийиштүү тартипте кароого макулдугун берген.

Ички мамлекеттик макулдашуунун алдын ала жол-жоболорун өткөргөндөн кийин Башкы прокуратура алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн биринчи кайрылуусун 2020-жылдын декабрь айында Европа кеңешине жөнөткөн.

Быйыл май айында Башкы прокуратура менен Европа кеңешинин катчылыгынын ортосунда, Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы элчилигинин катышуусу менен видеоконференция аркылуу консультациялар өткөрүлүп, анда процедуралык маселелер талкууланган.

Бул Конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу боюнча маселе оң жагына чечилген учурда Европа өлкөлөрүнүн түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын мекенине которуп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Башкы прокуратура башка дагы мүмкүн болгон Европа Конвенцияларына Кыргызстандын кошулуусу боюнча иш-аракеттерди активдүү түрдө улантат.

Кошумчалай кетсек, Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын талаптарына жана Кыргызстан катышкан эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык, Башкы прокуратура өлкөнүн эл аралык укуктук-кызматташуу чөйрөсүндөгү келишимдик укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууда Борбордук орган болуп саналат. Кылмышкерлерди өткөрүп берүү (экстрадициялоо), жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана соттолгондорду жазаларын андан ары өтөө үчүн которуп келүү маселелерин иш жүзүнө ашырат.

Copyright © 2017 Maral FM