Биз менен байланышыңыз

Токмокто мамлекетке 2,5 млн сом зыян келтирилген факт аныкталды

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 528 | 0

Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан Токмок шаардык Жалпы дарыгердик практика борборунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекетке 2 млн 502 миң 885 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 2020-жылы аталган медициналык мекемесинин кызматкерлери жасалма эмгек келишимдерди түзүү менен айрым административдик-башкаруу кызматкерлерине эмгек акы, сый акы жана башка төлөм түрүндө мыйзамсыз жол менен 2 млн  133 миң 615 сом төлөөлөрдү жүргүзгөн.

Ошондой эле, алар бланкалык продукцияларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча жасалма документтерди түзүү менен 369 миң 270 сом акча каражатын ыйгарып алышкан.

Жогорудагы фактылар боюнча материалдар кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Copyright © 2017 Maral FM