Биз менен байланышыңыз

Токмоктогу жол кырсыктан 7 адам каза тапты

Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 1672 | 0

19-декабрь, түнкү саат 22:00дө Бишкек-Торугарт унаа жолкунун 66-чакырымы — Токмок шаарынын сыртында болгон жол кырсыгы 7 адамдын ажалына себеп болду. Бул маалыматты Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Volkswagen Vento унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, берки өйүздө келаткан Kia K-5 унаасы менен кагылышкан. Кырсыктан жети адам каза таап, дагы үчөө ооруканага жаткырылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кырсыкка кабылгандардын арасында жаш балдар да бар экени айтылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM