Биз менен байланышыңыз

Акыркы 5 жылда кылмыштуулуктун санынын көбөйүүсү байкалды

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 610 | 0

Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигинин маалыматтары боюнча, акыркы беш жылдын ичинде республикада катталган кылмыштуулуктун санынын көбөйүүсү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Катталган кылмыштуулуктун санынын бир кыйла бөлүгү 2015 жана 2018-жылдарга туура келген. Эгерде, 2014-жылы 27 миңден ашуун кылмыш катталган болсо, 2018-жылы алардын саны 30 миңге жакын адамды түзгөн. 2018-жылы катталган кылмыштардын жалпы санынын ичинен эң чоң үлүшү уурулукка -39 %, алдамчылыкка — 15 %га жакын, ээнбаштыкка — 8 %, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштарга — 5% туура келди.

Өткөн мезгил ичинде, жашы жете электер жасаган жана алардын катышуусу менен кылынган кылмыштардын саны дээрлик 2 эсе өскөнү белгиленди. Кайра жасалган кылмыштардын саны эки эсеге көбөйгөн. Эгерде, 2014-жылы мурда кылмыш жасаган адамдар тарабынан жасалган 524 кылмыш катталса, 2018-жылы алардын саны миңден ашкан.

2018-жылы республиканын аймагында аялдарга карата 9,3 миң кылмыш иши катталган, алардын жарымынан көбү (52 пайыз), кылмыштардын жалпы санынын ичинен, уурулукка туура келди. Бул мезгил аралыгында талап-тоноолордун саны — 1,5 эсеге, ал эми ээнбаштык учурлары — 18%га кыскарган. 2014-жылга салыштырмалуу ден соолукка атайылап жеңил зыян келтирүү дээрлик 2 эсеге, ошондой эле никеге турууга мажбурлоо 1,3 эсеге көбөйүп, аялдарга карата жасалган кылмыштардын үлүшү өскөн.

2018-жылы биринчи жолу диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузууга байланышкан аялдарга карата 20 кылмыш иши катталган.

Copyright © 2017 Maral FM