Биз менен байланышыңыз

БШК: Токмокто болгон шайлоодогу добуштар кайра саналат

Кыска кабар | 18 Июл 2021 | 634 | 0

Токмок шаарында өткөн жергиликтүү кеңешти шайлоонун жыйынтыгы кайра санала турган болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

16-июлда Токмок аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кайрадан санап чыгуу боюнча чечим чыгарган.

«Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» партиялары добуштарды кол менен эсептөө Токмок шаарынын бардык шайлоо тилкелеринде болбогонун айтып, аймактык шайлоо комиссиясына кайра эсептөө арызы менен кайрылган.

Мыйзамга ылайык, кайра колдо саноо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда болушу керек.

БШК Токмок АШКсынын чечимин карап жатат.

Белгилей кетсек, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жергиликтүү кеңештерин кайрадан шайлоо өттү.

Алдын ала жыйынтык: Токмоктогу шайлоодо 5 партия шаардык кеңешке өттү

Copyright © 2017 Maral FM