Биз менен байланышыңыз

Алдын ала жыйынтык: Токмоктогу шайлоодо 5 партия шаардык кеңешке өттү

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 561 | 0

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештериндеги кайра шайлоо аяктады. Шайлоо эртең мененки саат 08:00дө башталып, кечки саат 20:00дө жыйынтыкталды.

Учурда шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгарылууда. Автоматтык эсептөөчү үкөктөрдөн алынган алдын ала маалыматтарга ылайык Токмок шаардык кеңешине 5 партия өтүүдө.

Токмок шаардык кеңешине 6 партия ат салышкан.

Белгилей кетсек, шаардык кеңешке шайлоого катышкан шайлоочулардын 7%ын ала алган партиялар өтөт.

Токмок шаардык кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктары:

«Эмгек» партиясы — 4 миң 213 (24.82%);

«Бирге-Вместе» партиясы — 4 миң 798 (28.27%);

«Эл биримдиги» партиясы — 2 миң 59 (12.13%);

«Асыл мурас-жаштар» партиясы — 2 миң 828 (16.66%);

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы — 280 (1.65%);

«Патриот ынтымагы» партиясы — 2 миң 324 (13.69%);

Баарына каршы — 294 (1,73%).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM