Биз менен байланышыңыз

Казакстанда камалган кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулу экстрадицияланды

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 1541 | 0

2018-жылы Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу кечээ, 18-ноябрда Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, Informator.kg сайты жазды.

Анын менен кошо кармалган эки кыргызстандык жаран да жаза мөөнөтүн мындан ары Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү жайларында өтөшмөкчү.

Эске сала кетсек, соттор Дамирбек Асылбек уулунун контробандалык жүктөргө, улуттар аралык кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги далилденген эмес. Бирок, сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Алар менен кошо кармалган 28 адамга да Алматы шаардык соту өкүм чыгарган. Алардын тарапташтары да нааразычылыгын билдирип келет.

Copyright © 2017 Maral FM