Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Учурда 134 мектептин жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат

Кыска кабар | 17 Ноя 2019 | 360 | 0

Учурда «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 134 мектептин жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү жалпы билим берүүчү 2 265 мектепте 1 млн 268 миң 068 окуучу билим алат. Бул мектептердеги ашыкча жүкдү айтып турат. Бишкек шаарында 77 163 окуучуга ылайыкталган 96 мектеп бар. Бирок ички миграциялык агымдын себебинен иш-жүзүндө жүк 173 193 окуучуну түзөт. Бул тиешелүү сандан эки эсеге көп.

Маселени чечүү максатында 9 айда өлкөдө 3 339 окуучуга ылайыкталган 15 мектеп курулган. Азыркы тапта «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 134 мектептин жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп, 60 билим берүү мекемеси оңдолуп жатат.

Муну менен бирге республика боюнча 198 авариялык абалдагы мектеп бар. Алардын ордуна жаңы билим берүү мекемелерин салуу үчүн 20 млрд сомго жакын талап кылынат.

Жыл сайын мектепке чейинки курактагы балдардын саны да өсүп жатат. Бүгүнкү күнү расмий маалыматтар боюнча, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 197 миң бала барат. Алардын ичинде 186 миң бала мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчаларга барышат.

Окуу жашына чейинки балдарды камтууну көбөйтүү максатында жалпы билим берүү уюмдардын имараттарын оптималдаштыруу жүргүзүлүп, 7 358 баланы камтыган кошумча 100 бала бакча ачылды. Ошондой эле  120 кошумча кыска мөөнөттө калуу мекемелери ачылып, 10 миң бала камтылды.

Copyright © 2017 Maral FM