Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзүндөгү университеттин эң жаш бүтүрүүчүсү 9 жашта

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 1226 | 0

Жакында жогорку билимин тастыктаган дипломдун эң жаш ээси нидерландиялык 9 жаштагы Лоран Симонс болмокчу. Мындай жыйынтыгы менен  вундеркинд дүйнөлүк рекордду жаңылаганы турат.

Лоран 9 жашында эле Эйндховен атындагы техникалык университеттин электротехника факультетинин дипломун алат.

Анын IQ деңгээли 145 баллдан өйдө. Ал орто метептин 6 жылдык программасын өздөштүргөн. Бакалавр курсун 6 айда аяктаган. Лоранга жакында бакалавриат боюнча толук кандуу билимге ээ болгондугун тастыктаган аттестат тапшырылат.

Нидерланддык Лоран Симонс дүйнө жүзү боюнча эң жаш университеттин бүтүрүүчүсү аталат.

Электротехника факультетинде анын сүйүктүү сабагы – математика. Анын ичинде статистика, алгебра жана геометрияны да өзгөчө жактырат.

Лоран келечекте кардиохирург болууну каалайт. Мектеп учурунда эле медицина факультетинин курсунан өткөн. Келечекте окуусун Калифорниядан улантууну каалайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM