Биз менен байланышыңыз

Путин Назарбаевдин сунушун колдогон жок

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 1482 | 0

Назарбаев сунуштап жаткан Украина лидери Владимир Зеленский менен азырынча жолугушуу өткөрүү боюнча сөз болгон жок. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 14-ноябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты. Путин ансыз да Зеленский менен норманд форматында жолугушуу пландалып жатканын, ага чейинки кездешүүнүн кереги жоктугун кошумчалады:

-Биз норманд форматында сүйлөшөбүз деп макулдашканбыз. Ага чейин жолугушуу тууралуу сөз болгон жок. Макулдашкандан кийин орто жолдо даярдыксыз кездешүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Даярдыксыз жолугушууга мен да, Зеленский да кызыктар эмес деп ойлойм. Даярданып, жыйынтык чыга тургандай жолугушуу кылыш керек да»,- деди Путин.

12-ноябрда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Орусия президенти Владимир Путин менен Украина өлкө башчысы Владимир Зеленскийдин жолугушуусун Казакстанда уюштурууну сунуштаган болчу.

-Азыр эки тараптуу сүйлөшүп, маселени чечип алуунун эң ыңгайлуу учуру,- деп белгилеген Елбасы.

Назарбаевдин айтымында, Зеленский «нейтралдуу аймакта» жолугушууга макулдугун билдирип, Путиндин жообун күтүп жатышкан.

Киев менен Москванын мамилеси чыңалган бойдон калууда. 2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алган. Андан бери Украинанын аскерлери менен жикчилердин тирешүусүнөн жалпы 13 миңден ашык адам каза тапты. Украина Орусияны 5 жылдан бери өлкөнүн түштүк-чыгышында болуп жаткан жарандык конфликт үчүн күнөөлөп келет. Москва болсо аны четке кагып, мындай нерсеге айыптоо оор экендигин белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM