Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Шайлоонун босого чегин 3 пайызга түшүрүү керек

Коом , Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 493 | 0

Парламенттик шайлоодогу босого чекти 3 пайызга түшүрүү керек. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде босого балл 3% болсо, парламентке жаңы күчтөрдүн келишине жол ачылат. Мындайда белгилүү ишкер, спортчу, ырчылар да 50 миң добуш ала алат.

Жогорку Кеңешке ар кандай көз караштагы саясатчылардын келишине жол ачкан шайлоо системасын түзүү зарыл. Азыркы система менен жаңы күчтөрдү көрүү татаал.

«Партия түзүүнү жеңилдетип, партиялык блогдорду түзүүгө уруксат берүү керек. Эки партия блог түзүп, орток программа менен иштемек. Мындан сырткары, парламенттик коррупцияны жоготуп, ийкемдүү тизме киргизүү зарыл. Партия лидеринин өзүнө ылайкташтырып тизме түзүүсү да саясий коррупцияга кирет. Талапкердин тизмедеги ордун лидерлер эмес, эл аныктасын. Мен преференциалдык шайлоо ыкмасын аягына чейин чыгара албай жатам», — дейт Текебаев.

Copyright © 2017 Maral FM