Баткен облусунун Лейлек районунун Ай-Көл айылында жеке ишкер балдардын билим берүү борборун куруп, пайдаланууга берди.
Бул тууралуу райондун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.
Кечээ Билим берүү борборунун ачылышы болуп, ага облустагы, райондогу тийиштүү жетекчилер катышты. Ошондой эле, бул иш-чарага муфтий Максатбек Ажы Токтомушев катышты. Борборду курууга 8 млн сом сарпталган. 30 орунга ылайыкташтырылган бул имарат жеке ишкердин каражаттына бүткөрүлгөн. Балдардын Билим берүү борбору Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилет.
Мындан сырткары, ишкер аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна да тез жардам унаасын белек кылды.