Биз менен байланышыңыз

Румыния: Президенттик шайлоодо Йоханнис алдыда келе жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2019 | 525 | 0

Румынияда 10-ноябрда президенттик шайлоонун алгачкы туру болуп өттү. Жыйынтыктарга ылайык, азыркы мамлекет башчы Клаус Йоханнис алдыда келе жатат. Каршылаштарына караганда көбүрөөк добуш топтой алган Йоханниске шайлоочулардын 39%га жакыны добуш берген.

Мындай жыйынтык болору күтүлгөн болчу. Негизги суроо — экинчи турда Йоханнистин аттандашы ким болору  кызык. Ал эми экинчи орунда мурдагы премьер-министр Виорика Данчилэ келе жатат.

Румыниянын Борбордук шайлоо бюросунун маалыматына караганда, бул 1-айлампада шайлоого укуктуу жарандардын 48%ы катышты.

Шайлоодо 14 талапкер ат салышты.

Румыниядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 24-ноябрда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM