Биз менен байланышыңыз

«Тез татым борборлорунун көпчүлүгү газ баллон колдонот»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Ноя 2019 | 1165 | 0

Тез татым борборлорунда милдеттүү түрдө квартал сайын пландык текшерүү болуп турушу керек. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мүзүралиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тез татым борборлорунун көпчүлүгү газ баллон колдонот. Мындай жайлардын жетекчилери шалаакылык кылып жатат. Көпчүлүк коопсуздукка кайдыгер мамиле жасайт.

Жарылуу болгон «Антошка» тез татым борбору боюнча маселени алгач өкмөт эмес, шаар бийлиги көтөрүп чыгышы керек болчу.

«Учурда шаарга караштуу жерлер боюнча сунуш бере алабыз. Бирок «Антошка» жеке менчик болгондуктан ага кийлигише албайбыз. Тез татым борборлорунда газ баллон колдонулбашы керек. Бирок Кыргызстанда ар бир тармак корруцияга баткан. Газ баллон колдонулса да, тыйын берип койсо текшерүүчү кызматкер кете берет», — деди Мүзүралиев.

Ал буга чейин тийиштүү пландык текшерүүлөр формалдуу түрдө болуп келгендиктен өкмөт жеке менчик жайларды көзөмөлдөөгө мораторий киргизгенин белгиледи.

Өрттөнүп кеткен «Антошка» тамактануу жайынын кожоюну камакка алынды

Эске салсак, 8-ноябрда «Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында өрт чыгып, бир нече ирет жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы бир кызматкер кыз көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM