Биз менен байланышыңыз

Ташкентте 15 адам тез татымдан ууланды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 580 | 0

Ташкентте 15 адам жүрөк айлануу, кусуу, өзүн алсыз сезүү сыяктуу белгилер менен ооруканага кайрылышкан. Келгендер бейтапканага жаткырылды. Дарыгерлер аларга «тамак-аштан уулануу» диагнозун коюшкан. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министри билдирди.

Маалыматка караганда, көпчүлүк бейтаптын абалы оор. Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Жергиликтүү басылмалардын билдирүүсүнө караганда, 15 бейтаптын 11и бир жерден, тактап айтканда «Oq tepa Lavash» тез татым ресторанынан тамактанышкан. Аталган ресторан 15 адамдын уулануусуна күнөөлүү экенин мойнуна алышып, бардык чыгымды төлөп берерин айтышкан.

Белгилей кетсек, былтыркы жылдын январь айында, «Oq Tepa Lavash» тез татым жайынан таракандар чыккан. Кардарлар ресторандын ичинде чуркап жүргөн курт-кумурскаларды телефондоруна тартып алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM