Биз менен байланышыңыз

Бишкекте өрттөнүп кетүү коркунучу бар курулуштар көп

Күн чекит | 8 Ноя 2019 | 1469 | 0

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, анда бир адам каза болуп, ондон ашык киши жаракат алды. Учурда алар дарыланып жатат. Өкмөт башчы бул окуяга көңүл буруп, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү жана өрттүн кесепеттерин тыкыр иликтөөнү тапшырды.

Негизинен Бишкек шаарында коопсуздукка көңүл бурулбагандыктан кырсык болгон учурлар көп катталат. Биз өрт коопсуздугун тартипке келтирүү маселеси тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматовго суроо узаттык.

Марал: — Өзүңүз билгендей, мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Тез татым жайлары да абдан көп, негизи ал жерлерде коопсуздук кандай каралган, анализ кылынганбы?

Рысбай Аматов: — Бишкектеги мындай жайлардын коопсуздугу тууралуу маселе көтөрүп, сессияда да айтып, талап кылып эле келебиз. Негизи өрт коопсуздугуна Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, санитардык абалын текшерүү боюнча Санэпидемстанция иш алып барышы керек. Бирок бул эки мекеме тең түзмө-түз өкмөткө караштуу, ошентсе да биз талаптарды коюп эле келебиз.

Биз быйыл апрель айында Бишкекте жеңилдетилген типтеги курулуштарга жер берүүгө 3 жылга мораторий киргизгенбиз. Бишкек шаардык кеңеши бул токтомду кабыл алган. Себеби ушундай жеке курулуштар абдан көп, анын баарын реестрге киргизүү кыйын болуп жатат. Көпчүлүгү мыйзамсыз ачып алышууда. Коррупциялык схемалар түзүлүп жатат. Уруксат документи жок ачылып кеткен тез татым жайлары да арбын.

Марал: — Бул мораторий кабыл алынса да мыйзамсыз курулуштарга эмнеге жол берилип жатат? Бүгүн жарылуу болгон тез татым жайы да уруксатсыз ачылганбы? Сиздин маалыматыңыз барбы?

Рысбай Аматов: — Менин маалыматым боюнча, газ баллон жарылып, өрт чыккан тез татым жайы Бишкектеги Эркиндик бульварынын тегерегинде болгондон кийин Кызыл китептүү эле болушу мүмкүн. Ал эми жарылуу өрт коопсуздугуна көңүл бурбоо, тартипти сактабагандыктан эле келип чыкты деп ойлойм. Анан текшерүү органдары квартал сайын же жылына текшерип, талап койбогону да себеп болот. Башаламандык бар да, муну ачык айтыш керек.

Мисалы, учурда жол коопсуздугун ойлоп, камераларды коюп жатабыз. Шаардагы курулуштардагы коопсуздук маселеси көз жаздымда калып кетүүдө.

Марал: — Бул окуядан кийин шаардагы бардык ушундай жайларды текшерип чыгуу керекпи? Шаардык кеңеш бул маселеге көңүл бөлөсүздөрбү?

Рысбай Аматов: — Медалдын эки тарабы бар да. Азыр биз текшериш керек деп талап койсок, кээ бир жерлерде кысымдар, аша чапкандык башталат. Андайда катардагы ишкерлер да жабыркап калышы мүмкүн. Ошондуктан жеңилдетилген, аткарууга мүмкүн болгон, акча каражатын талап кылбаган жалпы эрежелер менен коопсуздукту тартипке келтирүү керек. Союз мезгилиндеги эрежелерди жаңылоо зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM