Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Бишкектеги жарылуудан жабыркагандарга меджардам көрсөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 8 Ноя 2019 | 1084 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында тез татым сатуучу жайдан чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга жарылуунун жана андан улам тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Алдын ала маалыматтар боюнча тез татымдагы жарылуудан 13 адам жабыркаган, алардын ичинде 3 бала бар, тез татым сатуучу жайдын кызматкери жеринде каза болду.

Үч бала тез жардам кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна тогуз адам жеткирилди. Алардын абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM