Биз менен байланышыңыз

«Тамактануучу жайдын ээси жардам бермейинче көйгөй жоюлбайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Ноя 2019 | 834 | 0

Тез татым борборлорун ачууда тийиштүү мамлекеттик кызматтардан уруксат кагаздарын алууда кемчилик бар. Көйгөйлөрдү жоюу үчүн эмгек коопсуздугун камсыздандыруу маселесин көтөрүү зарыл. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мүзүралиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал жарандык активисттер менен биргеликте комиссия түзүп, иш алып барса болорун айтып, бул маселени шаардык кеңештин жыйында көтөрөрүнө убада берди.

Мүзүралиев коомдук тамактануучу жайларды текшерүү менен эч кандай жыйынтык чыкпай турганын белгиледи.

«Коомдук тамактануучу жайлардын ээси өзү жардам бермейинче, көйгөйлөр жоюлбайт. Иштебеген мыйзам, токтомдор көп. Көпчүлүк токтомдор эскирген. Мыйзамды кароо үчүн шаар бийлиги көз карандысыз болушу керек. Алсак, Москва Думага көз каранды эмес, өзүнчө мыйзам чыгара алат. Ал эми биз мыйзамга келгенде ЖКны карап калабыз», — дейт Мүзүралиев.

Эске салсак, 8-ноябрда «Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында өрт чыгып, бир нече ирет жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы дагы бир кызматкер кыз көз жумган.

Өрттөнүп кеткен «Антошка» тамактануу жайынын кожоюну камакка алынды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM