Биз менен байланышыңыз

Япониянын мурунку чиновниги Кытайда өмүр бою эркинен ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Ноя 2019 | 648 | 0

8-ноябрда Япониянын Инадзавадагы шаардык кеңешинин мурунку мүчөсү Кытайда өлкө аймагына баңгизатын алып киргендиги үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.

76 жаштагы Такума Сакураги 2013-жылы 3 кг баңгизатын кытай аймагына алып киргендиги үчүн кармалган. Кытайдын укук коргоочулары жашырылган баңигзатын жүргүнчүнүн чемоданынан таап чыгышкан.

Прокуратура катаал жаза түрүн колдонууга буюрган, бирок сот кайра өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн күчүндө калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM