Биз менен байланышыңыз

Жеке ишкерлер ИИМге унаа белек кылды (сүрөт)

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 647 | 0

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата кечээ, 4-ноябрда Ички иштер министрлигине жеке ишкерлер 2 унаа белек кылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов катышып, жеке ишкерлерге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Элит Хаус” курулуш компаниясы министрликке “Лада Гранта” маркасындагы унаа, ал эми Мирлан Исагалиев  «Фольксваген» маркасындагы тез жардам унаасын белек катары тапшырышты.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM