Биз менен байланышыңыз

Догоев: Аймактарда электрондук кызмат системалары ишке кирүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Ноя 2019 | 453 | 0

Аймактарда тиешелүү штабдар аркылуу жергиликтүү бийликтин системасын автоматташтыруу максатында электрондук маалымат жүгүртүү жана электрондук кызмат системалары ишке кирүүдө. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, санариптештирүү боюнча эффективдүү башкаруу системасын куруу үчүн республикалык штаб түзүлгөн. Анын курамына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери кирген. Баары болуп республика боюнча 56 райондук жана шаардык штаб түзүлгөн.

Санариптештирүүгө быйыл бюджеттен 500 млн сом каралып, анын 309 млн сому тиешелүү мамлекеттик органдарга берилген. Алар учурда санариптештирүү долбоорлорун ишке ашырууда.

«Региондорду кыдырып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жана жарандарга окутуу программаларын жүргүзүп, санариптештирүү концепциясы тууралуу маалымат бердик. Жеке тармактар, жарандардын потенциалын жогорулатуу максатында да иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мунун баары өкмөт башчынын көзөмөлүндө турат. Жарандардын коопсуздугуна тиешелүү багыттар боюнча да окутуулар жүргүзүлдү», — деди Догоев.

Ал берген маалыматка ылайык, 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында санариптик трансформациялоо боюнча «Санарип Кыргызстан» аттуу концепция кабыл алынган. 5 жылдык планда 3 негизги максат каралган.

Биринчиси, жарандардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү. Тагыраагы, жаңы ыкмаларды колдонуу багытында тиешелүү шарттарды түзүп берүү. Экинчиси, сапатттуу санариптик кызматтарды көрсөтүү. Ал эми үчүнчүсү, санариптик технологиялардын негизинде туруктуу экономикалык өнүгүү алып келүү.

«Аларды ишке ашыруу багытында өкмөттүн токтомунун негизинде 5 жылдык карта бекитилген. Концепцияны толук ишке ашыруу боюнча 2019-жылга 89 иш-чара планы каралган. Учурда 28 иш-чара аткарылды. Калгандары боюнча иштер жүрүүдө», — дейт Догоев.

Copyright © 2017 Maral FM