Биз менен байланышыңыз

Жоробеков президентке кимдер бут тосуп жатканын айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2019 | 623 | 1

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков мыйзамдуулукту сактап парламенттик шайлоо өткөрсө, тарыхта калат. Аптпесе, мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевден эч кандай айырмасы болбойт. Мүмкүн алардан да начар абалда калышы ыктымал. Мындай пикирин саясат талдоочу Жолборс Жоробеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков 2020-жылкы парламенттик шайлоону жакшы өткөрүп берсе, кандай адамдар шайланып келбесин сөзсүз президентти угашат. Анткени ментилатет ушундай.

«Шайлоого даярдыкта президентин тегерегенидегелер, кудаа-сөөктөрү «өзүбүзү команданы топтоп, парламентке ишгенимдүү адамдарды алып келебиз» десе, чоң чыр чыгат. Президент парламенттик шайлоонун босого чегин төмөндөтүп, коомдук пикирди угушу керек», — дейт Жоробеков.

Ал Жээнбековго бут тосуулар болуп жатканын белгиледи.

«Атамбаевдин бир өзгөчөлүгү бар эле. Ал адамдарга байлыкты да, наамдарды да, керек болсо колундагы саатын, журналисттерге 10-10 мин доллар берип койчу. Ушуга окшогондор абдан көп. Ошолордун баары азыр Жээнбековдун иш алып баруусуна тоскоолдук жаратууда», — дейт Жоробеков.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    04.11.2019 21:53

    Жолборс Жорбековтун айтканын кошулам, эл эмес парламент дагы президентти карап турат биздин менталитет бир адамга баш ийип келген, парламенттик башкарууга депутаттар татыктуу эмес, парламенттик башкарууга элдин, депутаттардын Текебаевтен башкасынын ан сезими жете элек. Азыркы учурда Кыргызстанда бийликтин кризис осуп онугуу токтоп турат. Акаев президенттик башкаруу менен парламенттин жургун алып коюп, парламент, эл айранды уйлоп ичишип калды. Парламенттик башкарууга барсак, жеп ичкен, корупция токтойт деген ойло. Бирок андай болбой бир президенттин ордуна 120 депутат тууган уругун мене жеп ичкенге отуп алды. Пенсия менен айлыкты айрымасын асман менен жердей. Текебаевке окшогон алдыга ойлонуп кеткен депутат жок, Убагында Горбачов Союзду таратканда,суверинтет алып Европа, Амеркадай жашайсынар деген, бирок создун эли ага даяр эмес эле, баары Горбачов ойлогондой болбой, талаш, тартыш, ич ара согуш болду. Карабах, Ош, жб,. Ан сезими даяр эмес элге Жаныча башкарууну тануулаган туура эмес. Парламенттик башкарууга коом даяр эмес, Парламент озу да даяр эмес,эл башкара турган депутаттар жок, атын жазалбагандар, кртминалдар аралашкан депутаттар айылга.шаарга,районго,обласка,жогорку кенешке чейин жеткен. Бизге азыркы учурда тартип и, закондуулукту катуу сактаган президенттик башкаруу керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM