Биз менен байланышыңыз

«Жээнбеков 2 жылда Атамбаев менен ажырашуу процессинде болду»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2019 | 874 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2 жыл аралыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен ажырашуу процессинде болду. Бул тууралуу саясат талдоочу Жолборс Жоробеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбековдун 2 жылдык ишмердүүлүгүндө экономикалык өзгөрүү байкалган жок.

Жоробеков Жээнбековго Атамбаевден эл аралык мамилелер, өлкөнүн ички маселелери боюнча көп иштер калганын белгиледи.

«Жээнбеков же элди, же Атамбаевди тандоосу керек болчу. Президент саясатчы, экономист жана башкаларга ишеним арттырды. Бирок ал ишеним өтө жай, жөнөкөй адамдын көзүнө көрүнө бербеген процесс менен бара жатат. Азыр кармаша турган адамдар, тоскоолдук берген нерселер жок. Жээнбеков эми элдин турмушун оңдоого көбүрөөк көңүл бурат деп ойлойм», — дейт Жоробеков.

Ал Жээнбеков өлкөдө стабилдүүлүктү сактап, коңшу өлкөлөр менен алаканы жакшыртканын айтып, аны жетишкендик катары баалады.

Copyright © 2017 Maral FM