Биз менен байланышыңыз

«Назарбаевдин отставкага кетиши күтүлүп жаткан»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Мар 2019 | 680 | 0

Саясат талдоочу Жолборс Жоробеков “Марал” радиосуна берген маегинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин отставкага кетиши күтүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Назарбаев элге жасаган кайрылуусунда бийликке жаштар келиши керектигине токтолуп, бир катар милдеттерди коюп кетти.

Жоробеков мындан сырткары, Назарбаев дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчылар менен тең ата сүйлөшө алган, эң таасирдүү жетекчилердин бири экенин белгилейт.

«Назарбаев казактардын духун көтөрүп койду. Көпчүлүк аны горизонттун артын билген адам катары сыпаттайт. Ал 45 жылдай чоң кызмата иштеген. Демек, кадрлардын баары анын көз алдында чоңойгон. Назарбаевдин дүйнөлүк саясатта таасири бар», — дейт Жоробеков.

Анын пикиринде, Назарбаев кыргыз элине өзгөчө жакшы мамиле кылып келген. Мындан ары да эки өлкөнүн мамилесинде өтө чоң өзгөрүү болбойт.

«Казактсанга барган элчилерди карагыла, Назарбаев тууралуу баары жакшы пикир айтышат. Бул элчиге эмес, элге болгон сый. Бизде Казакстан менен болгон чек аралардын такталганы да казак-кыргыз мамилесинин жакшы экенине далил. Эми Касым-Жомарт Токаев дагы Кыргызстан менен жакшы иштешине ишенем. Анткени дүйнөдө кыргыз менен казактай жакын эл жок«,  — дейт саясат талдоочу.

Эске салсак, Назарбаев 19-мартта калкка кайрылуу жасап, отставкага кеткен. Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге жүктөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM