Биз менен байланышыңыз

Кой-Ташта патриоттор да, акчага сатылгандар да бар

Саясат | 28 Июн 2019 | 1552 | 0

Мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы революциянын максаттарын, ишенимдерин сатып кетти. Мындай пикирди бүгүн саясатчы Кубанычбек Кадыров ынтымакка чакырган тегерек үстөлдө айтты. Аталган жыйындын алкагында Атамбаев өлкөдө III революцияны жасабасы үчүн бардык аракеттер көрүлүшү керек деген пикирлер да айтылды. Ал эми айрым серепчилер эки президентти ынтымакка чакыруу кеч болуп калганын билдиришти.

Бүгүн 28-июнда өлкөдөгү саясий кырдаалды ырбатып албоо үчүн бийлик адамдарын ынтымакка чакыруу максатында уюштурулган тегерек үстөл өттү. Анда бир катар саясатчылар, аксакалдар жана саясий серепчилер катышты. Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Кубанычбек Кадыров: «Мурдагы президент үйүнө жатып алып, куралы менен коркутам дегени туура эмес, өзүн сыйлабаса да, Конституцияны сыйлашы керек», — дейт.

— 2010-жылдагы революция максатына, ишенимине жеткен жок. Албетте, буга Атамбаев күнөөлүү. Ошондо курман болгондордун ата-энелерине, жакындарына  сөз берген. Бирок 6 жылдын аралыгында бир дагы ишти жасап берген жок. Эми кылган кылыгын көрүп жатасыңар. Эки баласы менен жеген акчаларына салдырган сарайында жатып алып, «Куралым бар, атам», — деп жатат. Кимди атат? Ким «Атамбаев менен атышам» деп жатат? Мен такыр түшүнгөн жокмун. Анан дагы бир нерсени айтышым керек, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кытай инвесторлору менен 7 млрд долларлык келишим түзүлүп жатса, жайкы туристтик сезон башталып, башка жактан эс алуучулар келейин деп жатса, көрө албастык кылып, ызы-чуу чыгарганы туура эмес. Бул адамдык сапатка жатпайт.

Ал эми коомдук ишмер, «Манас» жана Айтматов улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев: «Кыргыз эли III революцияны, кан төгүүнү көтөрө албайт», — деп, кырдаалды күчөтүп жибербеш үчүн өлкө башчылар мунасага келиши керек деген пикирин билдирди.

— Кудай адамга карылыкты акылы менен берсин. Бирок бул кишиге карылык башкача келип жатат окшойт. Кайсы адам элин-жерин бөлсүн?. Билимдүү, бир кезде мамлекет башкарган адамдан мындай кадамдарды күтүүгө болбойт да. Бизде пландар болгон, аксакалдар чогулуп барып, өзүбүздүн кеңешибизди айталы деген. Бирок ал укпайт го бизди? Себеби, азыркы аксакалдар да үчкө бөлүнүп кеткен. Аны коомчулук деле билип калбадыбы? Андыктан, адегенде бул кырдаалга чекит коюшубуз керек.

«Алмазбек жогорку окуу жайда окуп жүргөндө мындай эмес болчу», — дейт курсташы, кинорежиссер Замир Эралиев. Анын айтымында, Атамбаев адамга мамилеси жумшак, жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын инсан болгон. Ал эми анын учурдагы аракети байлыкка, бийликке азгырылгандыктан болушу мүмкүн.

— Алмазбек институтта окуп жүргөндө, таптакыр башкача болчу. Чыгармачылыкка жакын, ыр жазган адам эле. Бирок кийинчерээк элге, тааныштарына жасаган мамилеси кадимкидей өзгөрүлдү. Менимче, учурдагы кадамдарын, сүйлөгөн сөздөрүн байлыгы, бийлиги өзгөрттү окшойт.

Бийлик адамдарын ынтымакка чакыруу жыйыны аталышына жараша өтпөй жатканын мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун айтып, «Тиешелүү адамдарды гана чакырып, бийликти, депутаттарды жактатып жатасыңар», — деди.

— Жыйынды баштан-аяк угуп отуруп, атайын жалдап келген адамдар сүйлөп жаткандай эле сезилип кетти. Ынтымакка чакыруу жыйындары: «Маселени мындан ары кантип алып барыш керек? Көйгөйлөрдү канткенде жоё алабыз?» — деген таризде өтүшү керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат.

Саясат талдоочу Жолборс Жоробеков: «Эки президентти элдештирип, тарапташтарын ынтымакка чакырууга эл кечигип калды», — дейт. Анын пикиринде, бул багытта жыйындарды өткөрүүгө убакыт коротпостон, эл өкүлдөрү Атамбаевге коюлган доолорду дыкат карап, шашылыш чечим чыгарбашы керек.

— Учурда коомдук активисттер, саясатчылар чогулуп, президенттерди ынтымакка чакыруу багытында өткөрүп жаткан жыйындар убагынан кечиктирилди. Мындай иш-аракеттер мурун болушу керек эле. Эми соттор Атамбаевдин иши боюнча териштирүүнү жогорку деңгээлде алып барышы керек. Себеби, аларды коомчулук күтүп жатат. Бирок тез убакытта чечим чыгара салып, камап коюу да болбойт. Анткени, кийин шашып ташталган кадамдын залакасы тийип калат.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү жыйында коомдук активисттер Кой-Таш айылына чогулуп жаткан адамдардын ар бирине 100 доллардан акча таратылганы кабарлашты.

Copyright © 2017 Maral FM