Биз менен байланышыңыз

КСДП: партия оппозицияга ооп, фракция ортодо калды

Саясат | 19 Мар 2019 | 920 | 0

Кыргызстан социал-демократтар партиясы расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады. Муну айрым саясат талдоочулар алдыдагы парламенттик шайлоого карата даярдык катары бааласа, кээ бирлери бул чечим жалпы партиянын эмес, андагы бир топтун гана көз карашы экенин айтып жатышат.

Бирок КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү  жалпы партия толугу менен оппозицияга өткөнүн билдирди. Анын айтымында, мындай чечимге КСДП тарабынан бийликке сунушталган кеңештер эске алынбаганы себеп болгон. Мындан улам социал-демократтар эми бийликти колдобойт.

—  Ачык айтсак болот, көз караштарыбыз бийлик менен туура келбей калды. Биздин уставга ылайык, КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев, төраганын орун басарлары жалпы партиянын көз карашын билдире алышат. Ал эми КСДПнын саясий кеңеши оппоцзицияга өтүү боюнча чечим кабыл алган жок деген маалыматтар партиянын көз карашын билдирбейт. 

Жогорку Кеңештин депутаты  КСДП фракциясын көпчүлүк коалициядан чыгарып, оппозицияга өткөрүп коюу керек экенин айтат. Эл өкүлүнүн белгилешинче, мындай кадам саясий маданияттын табиятына дагы туура келет. Анткени көпчүлүк коалициядагы фракциянын партиясы бийлик менен тирешип калса, фракциянын парламенттеги орду каралышы зарыл.

— Беш партия биригип, коалициялык көпчүлүктү түзүп, КСДПны оппозицияга чыгарып коюу саясий маданияттын табиятына туура келет. Бул жерде башка фракциялар чечсе болду. Тагыраагы, КСДП фракциясынан макулдук суроонун кажети жок. Мен КСДП фракциясын көпчүлүк коалициядан чыгарууну өткөн жылы да сунуштагам. Бирок кесиптештерим укпай коюшкан. Бул маселе бүгүн да актуалдуу, кайра козголуп, акылдаша турган кырдаал бар. Эгер парламенттеги фракциялар бул демилгени көтөрсө, мен да колдомокмун. Бирок аны ишке ашыруу башка кеп.

Коомчулукта КСДП оппозицияга расмий өтүп, партиянын парламенттеги фракциясын коркутуп жатат деген пикирлер айтылууда. Бирок Нурбек Касымбеков мындай көз караштарды четке какты.

—  КСДП фракциясын көпчүлүк коалициядан чыксын деп айтканыбыз жок. Эгерде фракция партиянын саясатын колдоп, КСДП менен бирге болом десе, анда фракция дагы коалицияда болуштун максатына ылайык болуп калат. Ал үчүн фракция өзү чечим кабыл алышы керек. Тагыраагы, КСДПнын программасы менен депутат болгондор ойлонушу зарыл. Учурда бизде КСДП фракциясына тапшырма берүү же бербөө боюнча чечим кабыл алына элек. Эми кезектеги съездде тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров КСДПнын оппозицияга өтүү боюнча чечимин жалпы партиянын көз карашы катары эсептебейт. Эл өкүлү КСДП фракциясынын оппозицияга өтүшүнө жана көпчүлүк коалициядан чыгышына жүйөлүү себеп жок экенин бышыктады.

— Бизде мыйзамдар бар, алар баарына бирдей иштейт. Биз азыр түшүнүк менен жашап калган жокпуз. Баш мыйзамда коалиция түзүүдө партия тууралуу сөз болбойт. Ошондуткан  партиянын бир тобунун чечими жалпы коалициянын таркап кетүүсүнө таасир этпейт. Коалицияда депутатардын саны 60тан, жалпы эл өкүлдөрүнүн санынан аз болгон учурга чейин фракциялар чыгып кете турган болсо, анда КСДП фракциясы оппозицияда калышы мүмкүн. Бирок учурда КСДПны көпчүлүк коалициядан чыгаруу үчүн саясий кризистер пайда болгон жок. КСДПнын чечимин жалпы партиянын чечими деп эсептөөгө мүмкүн эмес. Буга маани бербей коюуга да болот.  

Саясат талдоочунун баамында, КСДП — эки лидердин ортосундагы айтышуулардын деңгээлиндеги оппозиция. Ал эми чыныгы оппозицияда мамлекетти өнүктүрүү боюнча стратегия, бийликтин саясатына карама-каршы жана элдин турмушун жакшыртуу багытында программа болушу керек. Бирок КСДПда мындай көз караштар жок. Андыктан аталган партия бийликке реалдуу оппозиция боло албайт.

— КСДП реалдуу оппозиция боло албайт деп ойлоймун. Себеби азыркыга чейин ушундай нерселердин барын аталган партия жасабады беле? Эми бүгүн келип, «жок, мен айткандай болгон жок ошондуктан оппозицияга өттүк» дегени жалгыз адамдын көз карашына тиешелүү болуп жатат. КСДП 2020-жылкы парламенттик шайлоого шайлоочуларды кантип тартабыз деп, аракеттеги бийликтин ар бир катасын карап турат. Бирок бул көз караштары тез арада эле 180 градуска өзгөрүп калышы ыктымал. Атамбаевдин кадамдары элди кызыктырбай калды. Ошондуктан анын кандайдыр бир реалдуу күч топтоп, элди алып чыгып бийликти ала коём дегени өткөн чак болуп калды. 

КСДП бийликчил партия болуп калат. Мындай пикирин саясат талдоочу Табылды Акеров билдирди. Анын айтымында, азырынча КСДПны оппозицияга өттү деп айтууга эрте. Анткени КСДПнын оппозицияга өткөнү боюнча маалыматтар жөн гана убакыттан утуу максатында айтылып жатат.

Акеров КСДПнын кезектеги курултайынан көп нерсе көз каранды экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

—  КСДП парламентте эң таасирдүү фракциялардын бири болуп жатканда партия съездде «биз оппозицияга кеттик» деп кескин саясат жүргүзө албайт. Себеби бул теориялык жактан алганда да туура эмес көз караш болот. Андыктан съезд деле бийликчил партия болуп фракцияны колдойт. Партия оппозиция болушуна себеп жок. Бир гана маселе, бул Атамбаевдин жеке максаттарына жараша болуп жатат. Курултайда республика боюнча чогулган эл бир кишинин көз карашына баары макул болбойт. Мындан сырткары, алдыда парламенттик шайлоолор келе жатат. КСДП оппозицияга чыгып кетүү менен көп пайда таппайт. Тескерисинче, шайлоочулар буларды бийликчил партия катары жакшы билет. Эгер КСДП оппозицияга кетсе көз карашы так эмес партиядай каралып калат.   

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курултайы 6-апрелде өтөт. Ал эми аталган партия 1993-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште партиянын 37 депутаты бар.

Copyright © 2017 Maral FM