Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 4-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 2….7… күндүз: 11…..16°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 1….6….күндүз: 11…..16°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 4…..9….күндүз: 13…..18°C
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: -1…..4….күндүз: 11……16°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: -4….1…..күндүз: 10…..15°C;
4-ноябрда Бишкекте күндүз жаан жаашы күтүлөт, түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 14……16°C, түнкүсүн 5..… 7°C.