Биз менен байланышыңыз

Калифорния штатындагы өрт кайра күч алды [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 694 | 0

АКШнын Калифорния штатында өрт күчөп барат. Түндүктөн түштүккө карай жылган жалын миңдеген гектар аймакты каптады. Күздөгү кургак шамалдын айынан өрт саатына 130 км ылдамдыкта жайылып жатат.

Өрттү өчүрүүгө миңдеген өрт өчүрүүчү кызматкерлер катышууда. Калифорниядагы Вентур аймагынын коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, учак жана тик учактар дрондор менен кагылышуу коркунучу болгондуктан үстүнөн өчүрүү үчүн абага көтөрүлө албай жатат.

Буга чейин Калифорниянын түндүк тарабындагы 180 миң тургун өрт каптаган аймактан көчүрүлөрү айтылган болчу. Маалымат булактары мындай көрүнүш тарыхта болуп жаткан эң ири эвакуация экендигин белгилешүүдө.

Айта кетсек, «Кинкейд» деген ысымга ээ болгон өрт 23-октябрда токой аянттарында башталган. Катуу шамалдан улам өрт күч алып, турак-жайларга чейин жайылган.


Калифорния: өрттөн улам аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди


Copyright © 2017 Maral FM