Биз менен байланышыңыз

Калифорния: өрттөн улам аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 537 | 0

Айлананы каптаган өрттөн улам жалпы Калифорния штатына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу штаттын губернатору Гэвин Ньюсом билдиргенин euronews порталы жазды.

Буга чейин Калифорниянын түндүк тарабындагы 180 миң тургун өрт каптаган аймактан көчүрүлөрү айтылган болчу. Маалымат булактары бул — Сонома аймагындагы тарыхта болуп жаткан эң ири эвакуация экендигин белгилешүүдө.

Айта кетсек, «Кинкейд» деген ысымга ээ болгон өрт 23-октябрда башталган.  Ал эми жекшемби күнү башталган катуу шамалдан улам өрт күч алып, аймактарга жайылган. Учурда 80ден ашуун үй өрттөнүп жок болгон. Дагы 30 чакты турак-жайга да жалын жеткендиги айтылууда.

-Биз баарыбыз үйлөрүбүздү таштап чыктык. Бирок ал маанилүү деле эмес.  Эң башкысы – адам өмүрү, — дейт жергиликтүү тургун.

Учурда кырсык болгон жерде 900дөй өрт өчүрүүчү иштеп жатат. Алардын үчөө жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM