Биз менен байланышыңыз

АКШ: Темир жолчулар Трамптын Аппаратын сотко берди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2019 | 514 | 0

АКШнын Калифорния штаты менен Темир жол башкармалыгы президент Дональд Трамптын Аппаратын сотко берди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, сотко берүүгө «Ылдам жүрүүчү поезддин магистралын салуу» долбооруна каралган миллиард доллар бөлүнбөй жатканы себеп болгон. Президенттик Аппарат: «2010-жылы акча бөлүү боюнча ошол кездеги президент Барак Обама кол койгон буйрук күчүн жоготту», — деген жүйө келтирип, каражатты бөлүп берүүдөн баш тарткан.

Сотко берген тарап бөлүнө турчу акчага Вашингтондун аралашууга укугу жок экенин, мунун кесепетинен курулуш иштери чала жүргүзүлүп жатканын айтышууда.

Эске салсак, 2010-жылы Сан-Франсиско, Лос-Анжелес шаарларын аралап өтүүчү ылдам жүрүүчү поезддин темир жолун салуу боюнча долбоор каралып, ага ошол кездеги АКШ президенти Барак Обама Президенттик фонддон 1 миллиард доллар бөлүп бермей болгон.

Copyright © 2017 Maral FM