Биз менен байланышыңыз

Калифорниядагы өрт өчтү

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 609 | 0

Дээрлик эки аптадан бери өчпөй, Түндүк Калифорнияны каптаган өрт узак убакыттан бери биринчи ирет жааган жамгырдын жардамы менен өчтү. Бирок бул сел жүрүүсүнө себеп болуп, баткак суу каптоо коркунучун алып келүүдө. Себеби жаандуу аба ырайы бир аптага созулуусу күтүлүүдө.

Жергиликтүү бийлик өкүлү Кори Хонейдин айтымында тилсиз жоодон набыт кеткендердин саны 86га жетсе, дайынсыз жоголгондор аптанын башында 1200 делип, бүгүнкү күнгө карата 700гө азайды .

Ал арада жааган жамгыр жоголгондорду издөө жана бузулган турак-жайларды калыбына келтирүү иштерин оордотуп жатат.

Эске сала кетсек Калифорниянын токойлорунда башталып, калктуу Парадайс шаарчасын жана анын тегерегиндеги айыл-кыштактарды каптап, жалпысынан 47 миң гектар аймакты жалмаган. Американын тарыхындагы эң өлүмчүл табият кырсыгы деп билинген бул өрт эң аз 52 миң кишини үй-жайсыз калтырды. Алар атайын лагерлерде, ибадатканаларда, мектептердин имаратында жана автоунааларында күн көрүшүүдө. Жергиликтүү бийликтин айтымында мындай абал декабрдын аягына чейин улануусу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM