Биз менен байланышыңыз

Баткен: Мөндүр багбандарга зыян келтирди

Коом | 20 мая 2019 | 694 | 0

2019-жылдын 18-майында бардык аймактарда жаан жаап, тоолуу аймактарда сел жүрдү. Ал эми Кадамжай ройонунун Халмион айыл аймагында ак жаандын арты мөндүргө айланып, анын кесепетинен айыл аймакка караган 6 айылдын бак-дарагын жана эгин аңызын кыйратып кетти.

Халмион айылынын тургуну Камил Атажанов мөндүр кокустан эле жаап, 10 мүнөт аралыгында бактагы мөмө-жемишти, аңыздагы эрте эгилген эгинди талкалап салганын айтат. Анын короосундагы 2 сотых жердеги жүзүм, 30 түп өрүк, алма ж.б. жемиштери  күбүлүп калган.

— Кокустан эле көлөмү жаңгактай мөндүр жаап баштады. Эгинибиздин баарын жок кылды. Жүзүм багымда болсо эч нерсе калбады. Жалбырактары күбүлүп калды. Картошка да көтөрүлүп калган эле, андан да эч нерсе калбады. Өрүктүн мөмөсүн кошо күүп салды. Алма да ошондой. Помидор, кулпунай да жок болду. Жүзүмдөн жылда 2 тоннага чейин, өрүктөн 1 тоннадан ашык, алмадан 1 тоннадай түшүм алат элем. Помидор менен кулпунайды айтпай эле коёюн. Бир жылдык кирешем бир заматта жок болду.  

Халмион айылынын башчысы Таир Мусаевдин айтымында, табият кырсыгы аймактагы картошка талааларын, оруп-жыйноо алдында турган буудай аңыздарын да зыянга учураткан.

— Элге аябай эле зыян болду. Ар бир үй-бүлөдө жүзүм, картошка мөмө -жемиштин баарын мөндүр жараксыз кылып салды. Андан сырткары, дыйкан чарбалардын да жерлери зыянга учурады. Мисалы Акрам дыйкан чарбасындагы 25 гектар жердин 10 гектары буудай болчу. Бышайын деп турган буудайды добул уруп, жараксыз кылып салды.

Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын калкы негизинен дыйканчылык жана багбанчылык менен алектенет. Аймактын климаты ысык болгондуктан, мөмө-жемиш эрте бышат. Ал эми быйылкы жылы катуу жааган мөндүрдүн кесепетинен, айыл аймактагы 6 айыл зыян тартканын, айыл өкмөттүн айыл чарба тармагынын башкы адиси Акжол Шарапов кошумчалады.

— Айыл аймактагы Ноогардан, Халмион, Ирилеш, Жошук, Жаңы-Айыл, Чекелик айылдарынын тургундарынын жарымынын короосундагы мөмө-жемиш, эгиндерин мөндүр жараксыз кылып салды. Азыркы учурдагы мөмө байлап калган алма, өрүк, шабдалынын, ошондой эле, жашылча, эгиндин 70 %ы жок болду.

ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары  Асылбек Ысманов учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгымдар такталып жатканын маалымдады.

— Бүгүнкү күндө райондун жарандык коммисиясы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал аяктагандан кийин гана чыгымдар тууралуу маалымат беребиз. 

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 17-18-19-май күндөрү жааган ак жаандын кесепетинен, Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң, Лейлек айылдарындагы, Маргун, Бешкент, Сумбула айыл аймактарындагы турак үйлөрдү, чарбалык имараттарды, унаа жолдорду сел алган. Бүгүнкү күндө тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM