Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облусунда сел жүрдү

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 683 | 0

Кечээ жааган ак жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алсак, кечээ, 10-июнда кечки саат 8дер чамасында Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Балапан-Сай сайында кыян жүргөн. Кырсыктын кесепетинен жайлоого кетчү унаа жолдун 15-25-чакырым аралыктарынын айрым жерлери жана Майлы-Сай -Ак-Суу унаа жолунун 0-8-чакырым аралыгы бузулган.

Ушул сыяктуу кырдаал Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар аймактык башкармалыгында катталган. Кечки саат 8дер чамасында арыктардан суу ашып, Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 4 үйдүн короосун каптаган.

Дагы бир кырдаал Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында болду. Кечээ кечки саат 9:30дар чамасында Кыла айылындагы арыктагы суу ташып, Бишкек — Ош унаа жолунун 515-чакырымындагы сел суулары акчу түтүккө батпай, жолду жана 4 үйдүн короосун суу каптаган.

Ал эми Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында кечки саат 10дор чамасында Алма-Бел айылынын Үч-Терек тилкесинде сел жүрүп, 1-Май — Алма-Бел унаа жолунун 35-чакырымын каптап, жол каттамы жабылган. Мындан сырткары, сугат суу каналынын 4 даана лотогун жана 4 даана суу тосмосун бузуп кеткен.

Учурда ӨКМдин аймактагы бөлүмдөрү тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM