Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кара-көл шаардык соту жана милициянын капитаны пара алып кармалды

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 534 | 0

1-октябрында Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына И.Ф. аттуу жаран кайрылган. Анда Кара-көл шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Кара-көл шаардык соту Ы.П. менен биргеликте кылмыш ишинин оң өкүм чыгаруусу үчүн 100 миң сом пара талап кылган. Мындан сырткары эркиндигинен ажыратпаган бөгөт каралышы үчүн сот органдарына 30 миң сом пара берүүгө аргасыз болгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн матералдары УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара алуу» берениси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Териштирүүдөн соң Кара-көл шаарынын ИИБ кызматкери, милициянын капитаны Б.М. Кара-көл шаардык соту Ы.П. менен сүйлөшүп алып, ортомчу катары оң өкүм кабыл алуу үчүн пара алууда сүйөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү аныкталды.

30-октябрда Кара-көл шаарында өткөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жүрүшүндө талап кылынган паранын бөлүгү 20 миң сом акча каражатын алууда Кара-көл шаардык соту Ы.П. жана Каракөл шаарынын ИИБ башчысынын орун басары милициянын капитаны Б.М. кармалды.

Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM