Биз менен байланышыңыз

Башар Асад Трампты — Америка тарыхындагы эң мыкты президент деп атады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 595 | 0

Сириянын президенти Башар Асад АКШ президенти Дональд Трампты өлкө тарыхындагы мыкты президент катары баалайт. Бул тууралуу ал Сириядагы жергиликтүү телеканалдардын биринде маек берип жатып айтты.

«Трампты кынтыксыз саясатынан улам мыкты дебейм. Ал каалоосун ачык-айрым жана түз айтат: «бизге нефть керек», «бизге бул нерсе жакпай жатат», «кызматыбызды ушунча суммадагы акчага алмашабыз» деп. Эмне кылалы, АКШнын саясаты ушунудай. Негизи душмандын ачык болгону жакшы да»,- деди Асад.

Америка президенттеринин арасында Нобел сыйлыгын алгандар да бар. Бирок президент болгондордун баары өз кызыкчылыгын гана көздөгөн кылмышкер болуп саналарын кошумчалады Асад.

Copyright © 2017 Maral FM