Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Монголия медицина тармагында кызматташат

Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 408 | 0

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Монголиянын жол жана транспорт өнүктүрүү министри Энх-Амгалан Бямбасурен мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тарап медицина жана фармация жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Жогоруда аталган келишимдин негизинде эки өлкө калктын ден соолугун жакшыртуу, элдердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

  • Саламаттык сактоо системаларын күчөтүү;
  • Инфекциялык оорулар менен күрөшүү жана эмдөө;
  • Ооруканалык башкаруу системаларын жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын иштеп чыгуу;
  • Саламаттык сактоо статистикасы;
  • Эненин жана баланын саламаттыгын сактоо, онкология, трансплантология, ортопедия, травматология жана башкалар;
  • Саламаттык сактоо жаатында кадрдык ресурстардын потенциалын жогорулатуу;
  • Медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;
  • Өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин алдын алуу жана жоюу;
  • Медициналык туризм;
  • Фармацевтика жаатында башкаруу, дары каражаттарынын сапаты, коопсуздугу жана сарамжалдуу пайдалануу.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM