Биз менен байланышыңыз

Орусия: Алтай жолундагы кырсыктан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 760 | 0

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алтай крайы боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 26-октябрда Алтай крайында унаа кырсыгы катталган. Бул боюнча Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу кырсыктан жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин  билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда Алтай крайынын “Барнаул-Рубцовск” федералдык унаа жолунун 74–чакырымында “Фиат Дукато” үлгүсүндөгү кичи автобус менен “Ниссан” үлгүсүндөгү унаанын кагылышуусунун натыйжасында 8 адам каза болуп, 8 адам ар кандай деңгээлдеги жарааттары менен жергиликтүү ооруканаларга жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM