Биз менен байланышыңыз

Амир Аскаров: бул чырдын түбү сотко чейин жетет

Шоу бизнес айдыңында «Сени эстеп», «Алдадың» деген ырлар менен таанылган ырчы, обончу, аранжировщик Амир Аскаров «Марал шоу» программасына маек куруп берди.   

-Амир, программаны чыгармачылыктагы жаңылыктар менен баштайлы деп турабыз. 

-Рахмат, негизи акыркы күндөрү аябай көп жаңылыктар болуп кетти. Анын  бирөөсүн айтайын. Он күн мурун «Сага барамын» деген аталыштагы  ырым чыкты. Сөзү Тимур Салиев менен Акжол Канатбек уулуна таандык. Ал эми  обон чыгарууда Мирлан  Ниязов устатыбыз жардам берди.

-Шоу бизнесте көпчүлүктүн арасынан суурулуп чыгып, элге таанылуу деле оңой эмес. Ар бир ырчыны эл өзгөчө таланты менен баалап алат эмеспи. Сиз чыгармачылыкта өзүңүздүн ордуңузду, сахнада стилиңизди таптыңызбы?

-Албетте, мен эми музыкант болгондуктан, бир жанрда гана иштебей ар тараптан өзүмдү издеп келем. Буюрса, бир гана рок калды. Ал эми калган жанрлардан өзүмдү көрсөтүп койгом десем жаңылышпайт болушум керек. Мисалы, кээ бир рэперлер ырдай албайт, ал эми ырчылар рэп окуй албайт. Бул мүмкүнчүлүк менде бар. Эки жакты тең алып  кетүүгө аракет кылып атам.

-Амир Аскаров — беш жыл мурун кандай эле, азыр кандай болуп өзгөрдүңүз, анан беш жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

-Беш жыл мурун Амир Аскаров уялчаак жигит эле. Өзүнө ишенчү эмес, себеби, эмгек тажрыйбасы азыраак болчу. Азыр болсо, өзүмө 200 пайыз ишенем. 5 жылдан  кийин, буюрса, мындан да чоң ийгиликтерди  багындырамын деген ишеничтемин.

-Бир ырды жаратууга канча убакыт коротосуз?

-Ар кандай болуп калат. Ырга байланыштуу, мисалы, ырчы Бек Борбиев менен аткарган дуэтибиз бир саатта даяр болгон.

-Ар бир адам ачыла элек элемент сыяктуу экен. Күйөрмандарыңыз билбеген жакшы жана жаман сапаттарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?

-Бетке айтам,  бул — негизи  жакшы  сапатым болуш керек (күлүп). Бирок ушул сапатым менен көпчүлүккө жек көрүнүп алам. Анан ак көңүлмүн. Жаман сапатым — уктап  жатканда тишимди көп кычыратам.

-Сизди жакындан тааныгандар сизди кандай адам катары билишет?

-Көк бет, өжөр, сөзгө келбеген адам катары мени таанышат. Ошондой мүнөздө чоңоюп, тарбияланып  калганмын. Мен окуган  орус мектепте  жалгыз кыргыз бала мен болчумун. Ошол учурда  ачуума көп тийишчү, ошондо эле андайларды тим койбостон, дайыма мушташып кетчүмүн.

-Жакында эле ырчы Чолпон Талипбек менен сиздин ортоңузда чыр чыккан? Пикир келишпестик эмнеден улам пайда болду?

-«Жүрөгүм эзилет» деген ырдын обону, идеясы мага таандык, сөзү акын Алтынбек Алымовдуку. Бул чырдын башталышы мындай: дуэт чыгарма болгондон кийин, тойлордон экөөбүз бирдей эле акча табышыбыз керек болчу. Чолпон болсо, тойлордо жалгыз ырдагандан сырткары, ютуб каналына клипти биринчи жайгаштырып койгон. Анын бир тыйын  акчасы кеткен эмес, ырды  жаздырып, клип тарттырып мээнет кылган  мен болгонмун. Ал экөөбүздүн ортобуздагы айтылган келишимге таянсак, ыр даяр болгондо, биринчи менин каналымда бир ай көрүлмөк, анан башка каналга салганга уруксат бермекмин. Бирок Чолпон мен жүктөөргө бир күн калганда биринчи озунуп каналына жүктөп, 6 миллион 700 миң көрүүчү топтогон. Ютуберлерге кайрылганымда, мындай көрүлгөн клип, бери жагы дегенде эле 2500$ доллар акча болот деп айтышты. Мага болгону 200$ доллар колума карматты. Негизи клип тартылып жатканда эле бир топ жолу уруштук, сиңдилери келип, монтаж болуп аткан кезде тоскоолдуктарды жаратып  жатышты. Мен муну жөн калтырбайм. Бул чырдын түбү сотко чейин жетет!

-Бул боюнча музыкалык саясатты так билген адамдарга кайрылып көрдүңүзбү?

-Музыканы менден жакшы  түшүнгөн адам жок деп ойлойм. Менчелик эч ким түшүнбөйт.

-Учурда кандай ырларды жаратуунун үстүндө иштеп  жатасыз? Сизден дагы башка дуэт ырларды күтсөк болобу?

-Мен ар дайым аракеттин үстүндөмүн, изденип иштей берем. Дуэтти болсо, буюрса, эл күтпөгөн бир инсан менен жаздырам. Ал эми азыр эки ырды жаздырууну пландап  жатам. Биринчиси, кайгылуу, сүйүү туурасында  болот. Ал эми экинчи ырым болсо, 20 жаштан ылдый жаштарга ылайыктуу десем жаңылышпайм го (күлүп). Аябай динамикалуу ыр болот деп ишендирип кетейин.

Copyright © 2017 Maral FM