18 адамдын өмүрүн алган Чилидеги башаламандык [фотогалерея] Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 806 | 0 Facebook Twitter 14-октябрдан бери Чилиде калайман каршылык акциялары токтобой келет. Акциянын чыгышына өлкөнүн борбору Сантьягодо метродогу жол акыны 3-4 сомго көбөйтүү себеп болгон. Чилинин президенти Себастьян Пиньера метродогу жүргүнчү акысын көтөрүүдөн баш тартышканын кабарлаганы менен, демонстранттар каршылык акциясын токтотушкан эмес. Жол киренин көтөрүлүшү — калктын бийликке карата топтолгон нааразычылыктарын көрсөтүүгө шарт түздү. Сантьягодогу толкун 10 күн мурда башталган. Жүздөгөн мектеп окуучулары жана студенттер билетсиз жүрүшүп, турникеттерден секирип, жер астындагы жолдордо каршылык акцияларын уюштурушкан. 18-октябрда башаламандык максималдуу түрдө өскөн. Манифесттер полиция кызматкерлерин таштар менен уруп, унааларды өрттөп, метро станцияларын талкалаган. Нааразычылыктан улам, коомдук транспорт кыймылдарынын режими бузулуп, жалпысынан аймактардагы 43 мектеп убактылуу жабылган. Чилинин президенти Себастьян Пиньера өлкөдөгү абалды согушка салыштырды. Борбор шаарда 40 метро станциясы талкаланып, 15тен ашуун автобус өрттөнгөн. Башаламандыкты токтотуу үчүн полиция кызматкерлери жана армия тартылган. Каршылык акциялары күчөп кеткендиктен, 18-октябрда Сантьягодо өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген. Полиция демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газдарды жана басым менен суу аткан унааларды колдонушкан. Акциянын жүрүшүндө 1400дөн ашык жаран кармалды. Калайман нааразычылыктардын айынан 18 адам каза болду. Себастьян Пиньера акция учурундагы баскынчыларды «Чилинин душманы, өзүн-өзү сыйлабагандар»,- деп атады. Демонстранттардын айынан жалпы бекеттердин 40 пайызын оңдоп-түзөөгө туура келет. "Марал радиосу" Телеграмда "Марал радиосу" Инстаграмда Жарнама Айпери Кыдырали кызы Тектеш материалдар Мьянмада дагы 20дай адам полиция огунан каза тапты Гонконгдо миңдеген адамдар митингге чыгышты Беларусия митингге чыккандарга каршы ок атуучу курал колдонгонун ырастады Москвада Беларусиядагы митингди колдогон тилектештик акциясы өттү Бейруттагы жарылуу: Нааразычылыктардан улам Ливан өкмөтү отставкага кетти Беларусияда өткөн митингде бир адам каза болду Пикир калтырыңыз Жооп жазуу Жоопту жокко чыгаруу Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *Пикир: Атыңыз * Көп окулууда Кыска кабар,Спорт19 Апр 2024 Кыргызстандык үч балбан Олимпиадага жолдомо үчүн күрөшөт Кыска кабар19 Апр 2024 Акжолтой Тукунов массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалды Кыска кабар19 Апр 2024 Кыргызстандын футзалчылары Жапонияны жеңди (сүрөт) Дүйнө,Кыска кабар19 Апр 2024 Иран ракеталык чабуул жасалганын четке какты, учкучсуз учактар атып түшүрүлдү Кыска кабар19 Апр 2024 Кыргызстандыктарга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай туруу сунушталды Маанилүү Кыска кабар19 Апр 2024 Акжолтой Тукунов массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалды Кыска кабар19 Апр 2024 Кыргыз-тажик чек арасы боюнча №42 протоколдун ишке ашуусу талкууланды Кыска кабар19 Апр 2024 Садыр Жапаров Астанада Токаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү Кыска кабар19 Апр 2024 Кыргызстандыктарга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай туруу сунушталды Кыска кабар18 Апр 2024 Элмирбек Иманалиевге «Эмгек Баатыры» наамы ыйгарылды