18 адамдын өмүрүн алган Чилидеги башаламандык [фотогалерея] Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 875 | 0 Facebook Twitter 14-октябрдан бери Чилиде калайман каршылык акциялары токтобой келет. Акциянын чыгышына өлкөнүн борбору Сантьягодо метродогу жол акыны 3-4 сомго көбөйтүү себеп болгон. Чилинин президенти Себастьян Пиньера метродогу жүргүнчү акысын көтөрүүдөн баш тартышканын кабарлаганы менен, демонстранттар каршылык акциясын токтотушкан эмес. Жол киренин көтөрүлүшү — калктын бийликке карата топтолгон нааразычылыктарын көрсөтүүгө шарт түздү. Сантьягодогу толкун 10 күн мурда башталган. Жүздөгөн мектеп окуучулары жана студенттер билетсиз жүрүшүп, турникеттерден секирип, жер астындагы жолдордо каршылык акцияларын уюштурушкан. 18-октябрда башаламандык максималдуу түрдө өскөн. Манифесттер полиция кызматкерлерин таштар менен уруп, унааларды өрттөп, метро станцияларын талкалаган. Нааразычылыктан улам, коомдук транспорт кыймылдарынын режими бузулуп, жалпысынан аймактардагы 43 мектеп убактылуу жабылган. Чилинин президенти Себастьян Пиньера өлкөдөгү абалды согушка салыштырды. Борбор шаарда 40 метро станциясы талкаланып, 15тен ашуун автобус өрттөнгөн. Башаламандыкты токтотуу үчүн полиция кызматкерлери жана армия тартылган. Каршылык акциялары күчөп кеткендиктен, 18-октябрда Сантьягодо өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген. Полиция демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газдарды жана басым менен суу аткан унааларды колдонушкан. Акциянын жүрүшүндө 1400дөн ашык жаран кармалды. Калайман нааразычылыктардын айынан 18 адам каза болду. Себастьян Пиньера акция учурундагы баскынчыларды «Чилинин душманы, өзүн-өзү сыйлабагандар»,- деп атады. Демонстранттардын айынан жалпы бекеттердин 40 пайызын оңдоп-түзөөгө туура келет. "Марал радиосу" Телеграмда "Марал радиосу" Инстаграмда Advertisement Айпери Кыдырали кызы You may like Мьянмада дагы 20дай адам полиция огунан каза тапты Гонконгдо миңдеген адамдар митингге чыгышты Беларусия митингге чыккандарга каршы ок атуучу курал колдонгонун ырастады Москвада Беларусиядагы митингди колдогон тилектештик акциясы өттү Бейруттагы жарылуу: Нааразычылыктардан улам Ливан өкмөтү отставкага кетти Беларусияда өткөн митингде бир адам каза болду Пикир калтырыңыз Leave a Reply Жоопту жокко чыгаруу Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *Пикир: Атыңыз * Көп окулууда Без рубрики,Кыска кабар23 Ноя 2024 Кантта өрттүн кесепетинен бир адам каза тапты Кыска кабар23 Ноя 2024 Бишкектин Жал кичи районундагы гараждардын ордуна спорт комплекс курулат Кыска кабар23 Ноя 2024 Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтүүдө Кыска кабар23 Ноя 2024 24-ноябрдын аба ырайы Кыска кабар23 Ноя 2024 Жалал-Абадда жаңы аэропортту куруу макулдашылды Маанилүү Кыска кабар22 Ноя 2024 Президент прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады Кыска кабар21 Ноя 2024 Ташиевге жазылган кат. Эксперттер эмне дейт? Билим-маданият21 Ноя 2024 «Ала-Тоо» эл аралык университетинде илим жумалыгы өттү Кыска кабар21 Ноя 2024 УКМК төрагасы өзүнө жана үй-бүлөсүнө коркутуулар болуп жатканын айтты Кыска кабар21 Ноя 2024 «Арал» жана «Сосновка» постторундагы чектөө алынды