Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) рейтингинде 94-орунга көтөрүлдү. ФИФАнын жаңыланган рейтинги бүгүн, 24-октябрда чыкты.
Маалыматка ылайык, улуттук кураманын октябрь айында 2022-дүйнө чемпионатына жана 2023-Азия Кубогу мелдешине тандоо турунда 2 беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңишти камсыздаган. 10-октябрда өз үйүндө Мьянманы 7:0 эсебинде утуп жолго салса, 15-октябрда Улан-Батордо Монгол курамасын 1:2 эсебинде жеңип кайткан. Бул ийгилктерден улам курама команда 3 баскычка көтөрүүлдү.
Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия футбол конфедерациясынын рейтинги боюнча 14-орунда турат.
Футбол боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы үчтүк өзгөрбөстөн калды. Алар Бельгия, Франция, Бразилия.