Биз менен байланышыңыз

2020-жылы эл каттоо электрондук форматта жүргүзүлөт

Коом | 24 Окт 2019 | 917 | 0

2020-жылы өтө турган элди жана турак-жай фондун каттоо боюнча адистерди окутуунун биринчи этабы аяктады.  Ага облустардан келген статистика башкармалыктарынын  кызматкерлери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө электрондук  жана мобилдик тиркеме аркылуу каттоо боюнча сабактар өтүлдү. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитетинин эл жана турак-жай фондун каттоону уюштуруу тобунун жетекчиси Анара Кудакеева билдирди. Анын маалыматына караганда, элди каттоо иштерин жүргүзүү үчүн өлкө боюнча жалпысынан 25 миң кызматкер атайын окуудан өтөт. Бул багытта атайын планшеттер сатылып алынды. Ал эми аталган эл каттоо иштери «Инфоком» мамлекеттик мекеменин жардамы менен ишке ашырылмакчы. Белгилей кетчү нерсе, кийинки жылдагы каттоо иштери электрондук түрдө жүргүзүлөт.

-Өкмөт башчынын тапшырыгы менен элди жана турак жайларды каттоого даярдыктарды көрүп жатабыз.  Быйыл Ысык-Көл жана Чүй облустарында электрондук эл каттоону пилоттук түрдө жүргүзүп көрдүк. Көрсөткүчтөр жакшы болду.  Буюрса, кийинки жылы бул иш-чара өлкө боюнча электрондук түрдө  өтөт. Ал эми элди каттоо учурунда кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришмекчи. Суроолор үй-бүлөсү, жашаган жери, киреше булагы тууралуу болот.  

Ал эми Ысык-Көл облусунун статистика башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Замир Турдукеев элдин жана турак жайлардын санын билүү -негизги документ экенин айтты. Ошону менен катар мобилдик тиркеме аркылуу иштөө — каттоо иштерин жүргүзүүнү жеңилдетет деп эсептейт.

-Статистика — мамлекеттик негизги документ болуп саналат. Себеби статистикага таянып иш жүргүзө алабыз. Буга чейин облуста мобилдик тиркеме аркылуу эл каттоо жүргүзө элек болчу.  Электрондук түрдө каттоо жүргүзүү — заман талабы. 

Белгилей кетсек, эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен 10 жыл сайын дүйнө жүзү боюнча  жүргүзүлө турган изилдөөлөр.

Ал эми Кыргызстанда эл жана турак-жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартында башталат.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM