Биз менен байланышыңыз

ММК фондунун бюджеттик көрсөткүчү 14 млрд 776 млн сомду түздү

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 548 | 0

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүн төмөнкүлөр түздү: кирешелер 14 млрд 776 млн сомду, божомолдоо боюнча 14 млрд 818 млн сом болгон, ал эми чыгашалар боюнча 14 млрд 209 млн сомду түздү. Бул тууралуу ММК фондунун төрайымы Элнура Боромбаева Жогорку Кеңештеги жыйында билдирди.

Андан тышкары, республикалык бюджеттен келип түшкөн, мамлекеттик камсыздандырууга арналган сумма 10 млрд 466 млн сомду түзүп, божомол боюнча 10 млрд 566 млн сом экени белгилүү болду. Ал эми Социалдык фонд ММК фондунун бюджетине 2 млрд 328 млн сом берген. Ошондой эле, эл аралык каржы донорлорунун каражаттары да тартылып жатканы белгилүү болду.

Эл каттоо маалыматына ылайык, Кыргызстандын 5 млн 800 миӊ калкы бар, анын ичинде 64 пайызы милдеттүү медициналык камсыздандырууга жатат, мындайча айтканда, 3 млн адамдын медициналык камсыздандыруу полиси бар.

Copyright © 2017 Maral FM