Биз менен байланышыңыз

Эл каттоодо алданып калбаңыз…

Коом , Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 3610 | 0

Быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо иш-чарасы өтөт. Ага ар бир кыргызстандык катышууга милдеттүү. Документтин 5 формасы толтурулат. Мурдагыдан өзгөчөлөнүп, бул жолу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана мигранттар тууралуу малыматтар чогултулат. Маалыматтар купуя сакталуусуна кепилдик барбы?


Өлкөдө үстүбүздөгү жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин элди жана турак жай фондун каттоо иш-чарасы өтөт. Тагыраагы, мамлекеттин калкынын курамын билүү, ошондой эле жарандардын 10 жыл ичинде социалдык, экономикалык жана демографиялык абалынын өзгөрүүлөрүнөн кабар алуу максатында маалыматтар чогултулат. Анда жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы, билим деңгээли, киреше булагы сыяктуу бир катар суроолор камтылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу тобунун жетекчиси Анара Кудакеева билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында алгачкы ирет мигранттар тууралуу да маалымат топтолот.

— Мындай жол менен мигранттардын реалдуу саны, алар кайсы өлкөдө, эмне иштер менен алек болору аныкталат. Каттоого алууда эч кандай документ талап кылынбайт. Мурда 3 форма толтурулуп келген. КРдин жарандарын жоготпоо максатында кошумча эки форма киргизилди. Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө мыйзамга ылайык, ар бир жаран каттоочунун суроосуна жооп берүүгө милдеттүү. 

1. «Каттала турган адамдардын тизмеси»

  • Жарандын аты-жөнү.

2. «Калк»

  • Жынысы;
  • Бул үйдө туруктуу жашайбы же убактылуубу;
  • Туулган күнү жана жылы;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү барбы;
  • Үй-бүлөлүк абалы;
  • Улуту;
  • Туулган өлкөсү;
  • Кайсы өлкөнүн жараны;
  • Эне тили (башка тилдерди билүүсү);
  • Ички миграция маселелерине байланыштуу суроолор;
  • Билим деңгээли;
  • Майыптыгы бар адамдарга суроолор;
  • Киреше булактары тууралуу суроолор;
  • Жумуш менен камсыз болгондугу же жумушсуздугу тууралуу суроолор;
  • Төрөт жана балдар тууралуу суроолор;

3. «Турак жай фонду»

  • Турак жайдын тиби;
  • Курулган материалы;
  • Курулган жылы;
  • Дубалдын тышкы материалы;
  • Жер титирөөгө туруктуулугу;
  • Үй-бүлө мүчөлөрүнүн коммуникациялык каражаттары барбы (компьютер, планшет, ноутбук сыяктуулар).

4. «Үй-бүлөнүн азыркы учурда чет өлкөдө жашаган мүчөлөрү»

  • Чет өлкөгө кеткен жарандар тууралуу суроолор.

5. «Жамааттык мекемелерде убактылуу жашаганга келгендер»

  • Оорукана, мейманкана сыяктуу жайларда убактылуу болгондор тууралуу суроолор.

Маалыматка ылайык, эл каттоо мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта жүргүзүлөт. Башкача айтканда, каттоочу өзүнүн смартфону аркылуу Улуттук статистика комитетинин жалпы базасына кирип, маалыматты дароо ошол жакка жөнөтөт. Эл каттоого жалпысынан 27 миң кызматкер тартылат. Каттоочу өзүн тааныштырып, күбөлүгүн көрсөтүшү зарыл. Документте QR-код болот жана жаран аны смартфон аркылуу сканерден өткөргөндө Улуттук статкомдун серверине шилтеме чыгат. Анда каттоочу тууралуу маалымат берилерин Анара Кудакеева кошумчалады.

— Жарандар өз алдынча каттоодон өтө алышпайт, каттоочу барышы керек. Алар алган жеке маалыматтар купуя болуп саналат, жарыя кылынбайт. Маалыматтар болгону КРдин калкынын санын аныктоо, жашоо деңгээлин билүү максатында эсепке алынат. 

Мындан сырткары жарандардын жашоосу канчалык ыңгайлуу экенин билүү максатында турак жай тууралуу маалыматтар алынат. Каттоочу үйдүн кимге жазылганын, документтерин талап кылбайт. Кыймылсыз мүлктөрдүн абалы боюнча чогулган маалыматтар камсыздандыруу компаниялары сыяктуу бир топ мекемеге пайдасын берет. Бул тууралуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Жусупбеков кабарларды.

— Улуттук статистика комитетине көмөк көрсөтүү максатында турак жайлардын дарегин тактоо үчүн база түздүк. Ал боюнча жумуштар жүрүп жатат. Жергиликтүү каттоо органдары, Улуттук статкомдун жергиликтүү кызматкерлери кээ бир жерлерде үйлөрдүн даректерин чогуу тактап жатышат. Топтолгон маалыматтар Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы жана башка мекемелер үчүн да керектүү болот деп эсептейбиз. 

Кошумчалай кетсек, 10 жылда бир жолу өтүүчү республикалык деңгээлдеги эл каттоо мамлекеттик казынадан жана донордук уюмдар тарабынан каржыланууда.

Copyright © 2017 Maral FM